Түп: жоголгондордун жакындары нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн Түп районунда балык уулоого чыгып, көлгө чөгүп кеткени айтылган эки киши табыла элек. Ал арада жакындары, айылдаштары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болушууда. Алар издөө-куткаруу иштери жакшы жүрбөй жатканын айтып, жол тосоорун билдиришкен. Район жетекчилери куткаруу иштери үчүн Бишкектен кошумча күч келерин айтып, айылдыктарды сабырдуулукка чакырды. Издөө иштерин куткаруучулар менен кошо ыктыярчылар да кошо жүргүзүп жатышат.