Айлыксыз олтурган завод жумушчулары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таш-Көмүр шаарында кыргыз-казак өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде курулуп жаткан феррокошундуу заводдун жумушчулары бир жылдан бери айлык акыларын ала албай жатканын айтып чыгышты. 2014-жылы курулушу башталган завод бир жыл өтпөй токтоп, андан бери күзөтчүлөр жана айрым адистер гана иштеп жатат. Кыргыз өкмөтү келишимдеги кээ бир макулдашууларды аягына чыгарбагандыгына байланыштуу казак ишкерлери каржылоону да токтотуп койгон.