Отуз-Адыр: жабылган төрөткананын күйүтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ооруканасы менен төрөтканасы өзүн актабай калды деген жүйө менен жабылды. Эми айыл өкмөт башчысы оорукананын жабылганынан пайдаланып, анын имаратын кеңсеге айландырууну көздөп жатыптыр. Бирок айыл тургундары айылдык оорукананы кайра ачып берүүнү талап кылып, адеп наразылык акциясына чыгышууда.