Дубайда кыргыз келин кулчулукка сатылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандык 27 жаштагы үч балалуу келин Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарына иштегени кетип, сексуалдык кулчулукка кабылганы маалым болду. Ушу тапта келиндин апасы жардам сурап акыйкатчыга кайрылды. Декабрь айында Дубайга сапар алган келин барары менен эле адам саткан кылмыш тобунун колуна түшкөн.