Трамп: Путин менен мамиле түзө алам
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШнын шайланган президенти, миллиардер Дональд Трамп 11-январдагы алгачкы маалымат жыйынында Орусия менен эч кандай байланышы, бизнес келишимдери же карыздары жок экенин айтты. Ал орус тарап менен анын бизнесинин ортосунда келечекте кол коюла турган макулдашуулар да жоктугун белгиледи. Ал Орусия президенти Владимир Путин менен жакшы мамиле түзө алаарынан үмүттөнүп жатканын билдирди.