Трамп: Орусия АКШны көбүрөөк сыйлап калат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп шаршембидеги алгачкы маалымат жыйынында киберчабуулдар тууралуу суроого жооп берип, хакердик аракеттердин артында Орусия турушу мүмкүндүгүн билдирди. Мурда мындай божомолду четке кагып келген Трамп киберчабуулдарды башка тараптар деле, мисалы, Кытай деле жасап коюш ыктымалдыгын кошумчалады. Ал президенттик кызматы учурунда Орусия АКШны көбүрөөк сыйлап калат деген ишенимин билдирди.