Кара-Суу: чөө элетти беймаза кылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кара-Суу районунун Жоош айыл округунун жетекчилиги чөөлөрдү жок кылуу үчүн үчүнчү жолу мергенчилерге кайрылды. Аңчылар бул ирет майда жырткычтын бир бөлүгүн атууга жетишти. Бирок тургундар арасында кооптонуу дале күч. Буга чейин бул чөлкөмдө чөөлөр көбөйүп, алар менен жергиликтүүлөр өздөрү күрөшүп жатышкан эле.