Токмок жылуулуксуз калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токмок шаарында аймактык оорукана, наристелер үйү баш болгон социалдык мекемелер кыш мезгилинде жылуулуксуз калды. Буга шаардын газга болгон карызы 42 миллион сомго жеткени себеп болду. Мындан улам “Газпром-Кыргызстан” компаниясы “Жылуулук” ишканасына көгүлтүр от берүүнү токтоткон. Шаар бийлиги бүгүнтөн тарта жылуулук бериле баштаганын билдиргени менен бул убадага жергиликтүү тургундар ишенбей жатышат.