Үч эмдин ата-энеси үй сурайт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өткөн айдын аягында Ак-Талаа районунда үч эм уулдуу болгон үй-бүлө турак жай сурап, президентке кайрылуу жолдошту. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин беш баласы бар болчу. Жалпы жети уул, бир кыздуу болгон ата-эненин айылдагы тамы да менчик эмес. Облустук бийлик ымыркайларды шартка жараша торолтуп алуу үчүн аларга Нарын шаарынан төрт айга ижарага батир камдап берди.