​Нарында жолчулар жетекчини кабыл алышпады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Нарын облусундагы жол тейлөө ишканаларынын элүүдөй жумушчусу нааразылык акциясына чогулушту. Алар облустук автоунаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Келдибек Кадыркуловдун соттун чечими менен кайрадан кызматына келүүсүнө макул эместигин билдиришип, кеңсенин оозун тосуп алышты.