Жамгырдын сыртка кеткен байлыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чаткалдагы “Жамгыр” кенинен чыккан топурак сыртка ташылып жатканына Кара-Буура районунун тургундары нааразы. Топурак Чаткалдан Кара-Буура аркылуу “Маймак” станциясына жеткирилип, андан Казакстанга чыгат. Карабууралыктар кенден чыккан топурак “Кара-Буура” коругуна төгүлүп, зыян келтирип атканын кошумчалашат. Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, "Жамгыр" алтын кенин иштеткен "Вертекс голд" компаниясы Кара-Буура району аркылуу топуракты ташып өткөнү үчүн жылына 19 млн сом которот. Компания аталган кенди 2010-жылдан бери иштетүүдө.