Ак-Талаа: турмушка чыккан секелектер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

​Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну бойго жете элек эки кызын бир күндө турмушка узатты. Бул факты боюнча жергиликтүү бийлик териштирүү иштерин баштады. Диндар үй-бүлөнүн кыздарын турмушка эрте узаткан факт боюнча акимчилик, райондук милиция жана социалдык коргоо бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен кыздардын ата-энесине да, аларды келин кылып алган тарапка да укуктук баа берилет.