65 жашта жылмайган ийгилик
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Польшада өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар бир алтын, эки коло байгенин ээси болушту. Алардын бири - 61 жаштан 65 жашка чейинки куракта 58 килограмм салмакта күрөшкөн Нарын мамлекеттик университетинин дене тарбия мугалими Басылбек Мамытбеков. Ал да Кыргызстандын эсебине бир коло медалды алып келди.