Караколдо жарандык коргонуу боюнча машыгуу болуп өттү

Машыгуунун максаты күтүүсүз келген табигат кырсыктарына даяр туруу болуп, анда ар кыл шартта жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүлө турган ыкмалар көрсөтүлдү.

Машыгуу Каракол шаарынын батыш жагында бузулган имараттардын жанында орун алды.

Машыгууда сценарий боюнча тогуз балдык жер силкинүү болуп, жатаканада калган адамдарды куткаруучулар имарат ичинен атайын тартылган зымдары аркылуу түшүрүп, медициналык чатырга алып келип жайгаштырып жатышты.

Андан сырткары өндүрүштүк имаратта жарылуу болуп, ал жерден амиак кислотасы агып, аны өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери суу чачып өчүрүп, калыбына келтирип, адамдарды уулуу заттардан коргоп жатышты.

Машыгуу болгон жерге 20га жакын чатыр тигилди.

Мындай машыгуулар жыл сайын тандалган бир аймакта өткөрүлүп келет.

Машыгууга шаардагы жарандык коргонуунун 11 кызматы, Каракол шаар администрациясы жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машыгууларды өткөрүү боюнча башкармалыгы келип катышты.