Суу астындагы жолбашчылар

"Советтик лидерлердин аллеясын" 1992-жылы дайвер Владимир Боруменский негиздеген.

Монументтерди тарткан Андрей Некрасовдун айтымында,  эстеликтердин музейи вандалдардан алыс турат. СССР тарагандан кийин советтик ишмерлердин көптөгөн айкелдерин сүрдүрүп, талкалап салышкан. Суу түбүндөгүлөр азырынча бүтүн бойдон.

 

Айкелдер 12-15 метрлик тереңдикте, Тарханкут булуңунан 100 метр алыстыкта жатат.

 

Булуң Крымдын батыш тарабында жайгашкан. Ал аскалары жана таза суусу менен суучулдарды кызыктырып келет.
 

Музей калктуу пункттан 7 километр алыс жайгашкан. Ал тууралуу баары эле биле бербейт.

Гагарин жана балыктар.

Дзержинский жана башкалар

Суучулдардын бири "Кооз жер, бирок абдан суук. Биз сүзүп барганга аракет кылдык, бирок көп өтпөй сыра ичип, жээкте эле жаткан жакшы экенин түшүндүк" деп жазган.

Ленин жана Маркс. Некрасовдун айтымында, кышында болгон  толкундар айкелдердин сапатын кетирүүдө.
 

"Суу астындагы музейди жаратууга тамаша же өткөнгө сагыныч себеп болгонун айтуу кыйын", - дейт Некрасов. "Бирок табышмактуу жана эсте калаарлык жай пайда болгон".
 

Кара деңиздин түбүнөн Маркс, Энгельс, Гагариндин эстелигин кезиктирүүгө болот.