Насыячылардын күйүтү жана үмүтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ар кайсы кредиттик мекеме, банктардан насыя акча алып, аны кайтара албай калган 50 чакты киши 28-сентябрда өкмөттөн өздөрүнүн маселесин карап, чечип берүүнү талап кылышууда. Алар банктар жана үстөк пайыз менен насыя акча берген мекемелер алдоо жолу менен элди сызга отургузуп, күрөөгө коюлган буюм-тайымдарын, үй-жайларын алып коюп жатышат деп күнөөлөштү.