Ефрейтордун сөөгү жерге берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто жоокерлер ортосундагы мушташта набыт болгон ефрейтор Эламан Ташбалта уулунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү мекемелер окуянын чоо-жайы тууралуу кененирээк кабар таратыша элек. Бирок маркумдун жакындары Эламан мыкаачылык менен сабалып өлтүрүлгөнүн айтып чыгышты. Маркумдун сөөгү Ноокат районунун өзү туулган Алашан айылына коюлду.