Кытай элчилигинде жарылуу болду
Кытай элчилигине жакын жайгашкан райондордун жашоочулары жарылуу катуу болгонун жана үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин "Азаттыкка" маалымдашты.
Азыр ӨКМнын куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардамдын" өкүлдөрү окуя болгон жерде жүрүшөт. Министр Кубатбек Боронов да ал жерге жөнөп кетти.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги бүгүнкү жарылуу имараттын ичинде болгон деген маалымат бар.
Азыр бул районду милиция курчап турат.
Тактала элек маалыматтар боюнча, элчиликтин батыш тарабындагы дарбазасында машине жарылган.