Разаков: Жардырууну жанкечти жасаган

Жардыруу болгон жердеги милиция кызматкерлери.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, бүгүнкү жардыруудан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин үч кызматкери жаракат алды. Жардырууну жанкечти ишке ашырган.

Азыр ӨКМдин куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардамдын" өкүлдөрү окуя болгон жерде жүрүшөт. Министр Кубатбек Боронов да ал жерге жөнөп кетти.

Окуя болгон жерге барган виу-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге буларды билдирди:

- Элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, жанкечти өзүн-өзү жардырган. Машинасы да, өзү да жок болгон. Элчиликтин кызматкерлеринен үч киши жаракат алган, алар ооруканага жиберилген. Азыркы учурда эксперттер, тергөө топтору иштеп жатат. Жасаган адам ким экенин айтуу эрте.

Маалыматка караганда, жанкечти "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү автонуаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, жардырууну жүзөгө ашырган. Натыйжада жанкечти түшкөн автоунаа талкаланып кетип, чачырандылары гана калган, жанкечтинин денеси да бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жардырууну жанкечти жасаган"

Кытай элчилиги "Киргизия-2" районунда Бакаев көчөсүндө жайгашкан. Ал жакты кайтарган кыргызстандык күзөтчү башынан жаракат алган. Жанкечтиден башка курмандыктар жок. Брондолгон дарбаза жанкечтинин максатына жетишине тоскоол болгон.

Күбөлөр эмне дейт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Күбөлөр: жарылуу катуу болду

Бээжин тыкыр иликтөөнү талап кылат

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги элчиликтеги жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала электигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунинге таянуу менен кабарлады. Хуа Чунин бүгүн өткөн маалымат жыйында кытай тарап Кыргызстандан өз жарандарын жана кытайлык ишкана-уюмдардын коопсуздугун камсыздап, жардыруунун чоо-жайын кылдат иликтөөнү талап кылганын билдирген.

«Биз кыргыз тарап менен бирге иштеп жатабыз. Аларды иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу бизди кабардар кылууну сурайбыз. Кытайдын чет мамлекеттердеги дипломатиялык миссияларынын кызматкерлеринин коопсуздугу баалуу. Алардын коопсуздугу үчүн колдон келген аракеттерди көрөбүз», -деди Кытай ТИМ өкүлү.

Жакын жайгашкан үйлөр да жабыркады

Кытайдын Бишкектеги элчилигинде бүгүн болгон жарылуудан бул имараттын айланасында жайгашкан үйлөрдүн терезелери талкаланган. Бул тууралуу үйлөрдүн биринин күзөтчүсү, окуяга күбө болгон Замир аттуу жаран "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жарылуудан кийин оттун жалыны отуз метрге чейин жеткен.

Кытай элчилигинде жарылуу болду

Кытай элчилигине жакын жайгашкан райондордун жашоочулары жарылуу катуу болгонун жана үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин "Азаттыкка" маалымдашты.

Президент террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жардырууну иликтөөнүн жүрүшү тууралуу күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын укту.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окуянын чоо-жайын кылдат иликтөөнү тапшырды. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алмай болду. Ошондой эле мамлекет башчы Бишкекте жана башка аймактарда террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү, маанилүү объектилерди, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү катуу кайтарууга алууну, эртеңки Эгемендик майрамына жана алдыдагы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыздоону өкмөткө табыштады.