Кара-Кечеде дагы чыр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
25-августта Кара-Кече көмүр кенинин жумушчулары март айынан берки айлыкты төлөп берүүнү, “Кыргыз көмүр” ишканасынын азыркы утурумдук жетекчисин иштен алууну бийликтен талап кылышты. Райондук мамлекеттик администрациянын имаратына чогулган жетимишке жакын жумушчу менен райондун акими жолугуп, талаптарды тиешелүү тараптарга жеткирип, маселени үч күн ичинде чечүүгө аракет кыларын убада кылды.