Айсулуунун Олимп оюндарына жолу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Рио-де Жанейродо Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн 58 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашат. Тыныбекова Олимп оюндарына ушуну менен экинчи жолу барды. Анын март айында Астанада өткөн азиялык-лицензиялык мелдештеги күрөштөрү тууралуу видео баянды сунуш кылабыз.