Чолпон-Атада сел жүрдү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бул тууралуу "Азаттыкка" ӨКМдин облустук башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн түшкү саат бирлерде нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, 70тей турак жайды каптаган. Шаардын жогору жагындагы Тогуз-Булак сел өткөрүү каналына суу ташкындап, сыртка каптап кеткен. Азыркы учурда жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатат дейт Замир Жумагазиев.