Иззат Артыков: байгенин кубанычы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн таң эрте Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстандыктар Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарына катышып кайткан спортчуларды салтанат менен тосуп алышты. Алардын арасында аэропорттун кызматкерлери коло медал менен мекенине кайткан оор атлетчи Иззат Артыковго, анын машыктыруучуларына ак калпак кийгизип, тиешелүү жөрөлгөлөрдү жасашты.