Мамлекет диний билим берүүнү колго алат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы жүзгө чукул диний билим берүү мекемелеринде диний окутуунун бирдиктүү стандарттары, окуу программалары иштелип чыккан эмес. Мындан улам дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дин жаатындагы жогорку окуу жайлар жана медреселердин ишмердүүлүгүн иретке келтирүү үчүн атайын концепция иштеп чыкты. Бирдиктүү программаны даярдап, аны жайылтуу үчүн Ишеналы Арабаев атындагы университетте атайын теологиялык колледж жана факультет ачылды. Демилге муфтият менен биргеликте пилоттук долбоор катары ишке ашырылып жатат.