Борбор Азиянын мыкты окуучулары Ысык-Көлдө
Катуу талаптарга жана окуучулардын жеке жетишкендиктерине негизделген тандоо процесси 2016-жылдын май айында башталган.
600 талапкердин арасынын 80 окуучу гана жайкы лагерге катышуу жолдомосун алды.
БАУнун жайкы лагери мектеп окуучуларын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча өзгөчө тажрыйба алуу максатында чогултту.
Алар англис тили жана математика боюнча жөндөмдөрүн жогорулатып, жергиликтүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча маанилүү кеңештерди алышат.
БАУну негиздеген үч мамлекеттин окуучулары өз ара достук мамилелерин куруу жана узак мөөнөттүү байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот.
Жайкы лагерь 2016-жылдын 9-августуна чейин өтөт. Катышуучулар күн сайын төрт саат англис тилин жана математика окушат.
Ошону менен бирге, алар семинарларга катышып, университеттерге ийгиликтүү тапшыруу, мансаптык кызыкчылыктарына жараша кесип тандоо жана жогорку окуу жайларына кирүү экзамендерине даярдануу боюнча кеңештерди алышат.
Лагердин катышуучулары быйыл сентябрь айында ачыла турган Нарын шаарындагы кампуска барып, көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.