Нарын: Алтындын азабы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районунун Кара-Үңкүр аймагындагы Байболот коктусунда алтын кенин чалгындоо жана иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан "Сөйкө" компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Буга жергиликтүүлөрдүн "аталган компания жаратылышты талкалап, айлана-чөйрөнү булгап жатат" деген дооматтары себеп болгон. Ал эми "Сөйкө" компаниясы мыйзам чегинде иш алып барып жаткандыгын айтууда.