Түркия: Эрдогандын жактоочулары көчөгө чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиядагы аскердик төнкөрүш уюштурууга жасалган аракеттен кийин бул өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдогандын колдоочулары көчөгө чыкты. Митингдер өлкөнүн ири шаарлары Анкарада, Стамбулда жана Измирде өтүүдө. Төңкөрүш уюштурууга аракеттенген аскерлер учурда абалды жөнгө салууга аракеттенишүүдө. Алар менен Эрдогандын тарапташтары ортосунда кагылышуу да болуп жатат.