Ниццадагы кандуу каргаша
Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон.
Ниццанын мэри Кристиан Эстрози унаанын ичинен ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылганын билдирди жана тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.
Француз президенти Франсуа Олланд окуяны теракт деп атап, акыркы 18 айда ал үчүнчү жолу катталып жатканын билдирди. Олланд бүгүн таң эртеден жасаган кайрылуусунда “чоң унаа менен атайлап адамдарды тебелеткен бул окуя Франциянын үрөйүн учурду”,- деп билдирди.
Маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, айдоочу топтолгон адамдарды тебелеткен соң туш келди ок аткан.
Ниццанын мэри Кристиан Эстрози унаанын ичинен ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылганын билдирди жана тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.
Автоунаанын ээси тартип сакчылары аткан октон өлдү. Полиция унаада куралдар болгонун аныктады.
Француз президенти өз өлкөсү Сирия жана Ирактагы террорчуларга каршы операцияны уланта берерин кошумчалады.