Майып баланын жаратмандыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айрым адамдар майыптыгына карабай жаратмандыкка умтулуп жашайт. Мына ушундай идиректүү өспүрүмдөрдүн бири - токмоктук 12 жаштагы Тилек Курманалиев. Тилек алты жашынан баспай калган. Азыр анын балмуздактын таякчаларынан кичинекей кооз үйлөрдү жасаган видео сүрөттөрү интернетте популярдуу болуп жаткан кези. Ал жасаган мини архитектуралык курулуштарга кардарлар да чыга баштады.