Азимжан Аскаровдун соту
Жараянда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте каралып, катышуучулар тыкыр текшерүүдөн өткөрүлдү.
Соттук процесске Азимжан Аскаров өзү катышкан жок. Аны катыштыруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүнө ишти караган судьялар бул маселе ачык каларын, муктаждык болсо соттолуучу алып келинерин билдирди.
11-июлда Жогорку Сот жабыркаган тарап келбей калганына байланыштуу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 12-июлга жылдырган.
Ал Аскаровдун күнөөсү далилденгенин, сотторго басым болуп жатканын билдирди. Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Аскаровдун гана укугун коргоп, каза болгондордун укугун коргобой жатканына нааразы болду.
Исмаилова боюнча сотко өтүнүчтү Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов менен Валерьян Вахидов келтирди. Сот аны канааттандырды.