Гүлбурак: Атам мени беш жашыман зордуктаган
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектеги “Балдарды коргоо” борборуна тогуз айдын ичинде сексуалдык зомбулукка кабылган 24 бала келип түшкөн, алар 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар. Ушул тапта аталган борбордун реабилитациялоо жайында түрдүү зомбулукка туш болгон 12 бала жашап жатат. Алардын бири он беш жаштагы Гүлбурак беш жашынан бери атасынын кордугун көрүп келген.