Нарын: өспүрүмдөр таймашы

​Теңир-Тоодо биринчи ирет өтүп жаткан бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жалпы 120 спортчу келген.
 

Мелдешке 44 -76 килограммга чейинки салмактагы балдар жана 46 -56 килограммга чейинки кыздар катышууда.

Өспүрүмдөр мелдешинин тартиби боюнча катышуучулардын эң улуусу 1996-жылы төрөлгөн болушу керек. 

Мелдешти Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясы менен Нарын облустук дене тарбия жана спорт бөлүмү уюштурган.
 

Өспүрүмдөрдун оор алтетикала боюнча мелдеши Нарында өтүп жатканыны облустагы бул спорттун түрүн жетиштүү денгээлде өнүктүрүү

Мелдеш жалпы 15 салмактык категория боюнча өтүп, анын беш категориясы кыздардыкы. 

Мелдештин башкы машыктыруучусунун айтымында, оор атлетика боюнча турнир Нарында биринчи ирет өтүп жатканына карабастан стандарттык эрежелер сакталып жатат.
 

Уюштуруулар бул оюн кузүндө өтчү өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк олимпиадасына азия оюндарына  даярдык катары болуп жатат дешет.
 

Мелдешке жалпы 12 командадан 120 оор атлетчи катышты.
 

Мелдеш эртең жыйынтыкталат.