Социалдык төлөм: элге ким күйөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш социалдык төлөм боюнча орток пикир таба албай жатат. 24-июнда парламенттеги фракциялар шашылыш жыйынга чогулуп, өкмөт сунуштаган жана депутаттар тобу даярдаган эки мыйзам долбоорду талкуулады. Өкмөт Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдү орточо айлык акынын көлөмүнө байлап жатат, депутаттар болсо мындай төлөм үлүш жердин аянтына жараша алынышы керек деп эсептейт. Былтыр жыл этегинде, социалдык төлөмдөрдүн көбөйгөнүнө байланыштуу жер-жерлерде нааразылык чыккан. Мындан улам президент Алмазбек Атамбаев тарифтерди кайра карап чыгууну тапшырган эле.