Данисте
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абадда малак курт каптаган токой аянттары 40 гектардан ашты. Баткен элинин негизги кирешеси болгон өрүгү бышып, Орусияга экспорттоло баштады. Буту баспай калган Эржан төшөктө жатып калгандар үчүн ыңгайлашкан керебеттерди чыгарып жатат. Ак-Талаада мектепти 20 жыл мурда аяктаган классташтар сайран кургандын ордуна ата энеси жок төрт бир тууганга үй салып беришти. Оштогу темир устанын көз жоосун алган жол чырактары. Бишкек четинде жоктон бар кылып, күнүмдүк жашоосун жолго салып келаткан Залкарбек жана апасы тууралуу тасманы да сунуш кылабыз.