ЕБ жеңилдиктин эрежесин үйрөтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды. Бул үчүн Европа биримдигинин атайын делегациясы келип, ишкерлерге жеңилдик тутумун пайдалануунун эрежелерин түшүндүрүп жатат. Кыргызстан бул системадан пайдаланып алты тармакта продукцияларды Европага экспорттоону пландоодо. Кыргызстандагы товарларды Европа биримдигинин стандарттарына шайкеш келтирүү, сертификациялоо кечеңдөөдө.