Бала ууртунан күлкү кетпесин
Бүгүнкү күндө 300 миң бала тиричилик шарты кыйын акыбалдагы үй-бүлөдө жашайт. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтуусунда, аларга мамлекеттен берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жыл сайын 10-15% өсүүдө.
Калкы 6 миллион Кыргызстанда балдардын саны 2 миллион 260 миң. Бала деп расмий статистикада 18 жашка чейинкилер аталат. Алар калктын 38% түзөт.