Көк бөрү - эрендердин оюну

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көк-бөрү – кыргыз элинин улуттук ат оюндарынын бири. Өлкөнүн түштүк аймактарында улактын ордуна 80 килогараммга чейинки торпокторду тартышат. “Манас” аэропорту тараптагы ээн талаада кышкысын ар шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү торпок тартыш оюнун өткөрүү салтка айланып баратат. Оюнду уюштуруу ар жумада бирден районго жүктөлөт. Баалуу байгелер сайылып, ондогон улакчылар мөөрөй талашат. Оюнда алдына киши салбагандардын бири Сейдалы Балбан.