Айгүл быйыл эрте гүлдөдү

Илимде Эдуарддын Петилиуму деген ат менен белгилүү болгон Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл тоодо апрель айында 15-20 күндөй гана гүлдөйт.

Бирок элдин эс алуусуна айланган тоодо гүлдүн жоголуу коркунучу негизги көйгөйгө айланган. 

Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилген. Тоого жакын турган Эрматов атындагы орто мектеп жамааты аталган тоодо демилгелүү топ түзүп, өз ыктыяры менен Айгүлдү корукка алып, келгендерге түшүндүрүү ишин жүргүзөт. 

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырымдай четирээкте Айгүл тоодо гүлүн ачкан мезгилде алыс-жакындан гүлдү көрүп эс алып кетүү үчүн көп киши келет.

Бирок элдин эс алуусуна айланган тоодо гүлдүн жоголуу коркунучу негизги көйгөйгө айланган.

Акыркы эки жылда бул тоону корукка алуу максаты ишке ашып, 250 гектардай жер темир тор менен тосмолонуп, бак-дарактарды отургузуу менен гүлдү сактап калуу аракети жакшы демилгеленип жатат. 

Гүлдү көрүү үчүн башка облустардан эле эмес чет өлкөдөн да кишилер келет.