Апрель окуясы сүрөттөрдө

Бишкектин Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй бараткан эл. 7-апрель, 2010-жыл

Ак үйдүн алды. 7-апрель, 2010-жыл

Ала-Тоо аянты, 7-апрель, 2010-жыл

Мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министри, Апрель окуясынын баатыры, 7-апрелде жаракат алган Алиясбек Алымкуловду жетелеп Ак үйдүн алдынан алып кетип баратышат. 7-апрель, 2010-жыл 

7-апрель. Ала-Тоо аянты. 

Апрель окуясы Таластан башталган. Таластын облустук акимчилиги, 6-апрель, 2010-жыл

Таласта көтөрүлгөн элди басуу үчун барган ошол кездеги Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Талас, 6-апрель, 2010-жыл 

7-апрелде каза тапкандардын көбү Ата--Бейитке коюлган. Ата-Бейитте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, ошондой эле 1930-жылдары репрессияланган кыргыз элинин чыгаан уулдары жатат.  

Апрель окуясында каза тапкандарды жерге берүү учуру. Ата-Бейит.

Ата--Бейит

7-апрелде каза тапкандардын көбү Ата--Бейитке коюлган. 

7-апрелде каза тапкандар.

Ата--Бейит

Ак үйдүн алдында, 8-апрель, 2010-жыл

Апрель окуясында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев Оштогу митингде. 15-апрель, 2010-жыл

Ата-Бейит

7-апрелдеги элдик толкундоолордо мерт болгон кыргызстандык жарандардын экөө Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары болчу. Алардын бири - Эдил Такырбашев, экинчиси – Никита Куш

Ак үйдүн алды, Бишкек

Курманбек Бакиев өз айылы Тейитте. Жалал-Абад, 16-апрель, 2010-жыл