Жоокер уулун жоктогон эне

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аравандагы “Төө-Моюн” чек ара тозотунда кызмат өтөп жүрүп, табышмактуу жагдайда каза тапкан жоокер Кубаныч Ногойбаевдин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча тергөө иши бурмаланганы ашкере болду. Тергөө материалдары боюнча, өткөн жылы 11-январдын таңында Аравандын Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылына караштуу талаадан 1996-жылы туулган жоокер Кубаныч Ногойбаевдин даракка асылган жасаты табылган.