Баткен быйыл башкача...

​Акыркы жылдары өрүктүн химикатсыз, биоорганикалык негизде кургатылганы баалуу болуп, чет өлкөлүктөр да кызыга баштады. 

Баткенде жалпысынан өрүктүн жыйырмадай түрү өсөт.

Айрыкча өрүктүн жергиликтүүлөр "кандек" деп атаган түрү баалуу.

Өткөн жылы өрүк гүл ачкан мезгилде үшүк жүрүп, түшүм дээрлик 70 пайызга чейин аз болгон.

Быйыл өрүк 20 күнгө эрте гүлдөдү.

Өрүк март айынын жарымынан кийин гүл ачып, үч айда мөмөсү бышат. 

Адистер өрүктүн табигый негизде кургатылганы жүрөккө, кан тамырларга пайдалуу экенин айтышып, күнүнө үч-төрт даанадан өрүк кагын жеп туруу сунушташат.