Зомбулуктан жапа чеккен аялдар

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. 

Кордук көргөн эки миңден ашуун аялдын жарымынан көбү иштебейт жана 90у пенсия курагында. 

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9% психикалык кысымга алынат. 

Акыркы сегиз ай ичинде 166 кылмыш иши козголгон. 

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин белгилешинче, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында иштеген 550 борбор бар. 

Кризистик борборлордун буга чейинки изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда аялдардын 70 пайызы зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болушат. 

Көп аялдар уруш-талаш кызганычтан чыгарын айтышат. 

Акыйкатчы институту 2013-жылы үй-бүлө зомбулугунан 12 адам мерт болгонун айтып чыккан болчу. 

2014-жылы бизден 724 жубай никелешүү үчүн каттоодон өтсө, 135 жубай ажырашуу үчүн катталган. 

Кыргызстандагы ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашат деген статистика бар. 

Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдар милиция менен соттун көңүл сыртында калып жатат. Ошондой эле күнөөлүүнү жоопко тартуу, соттук иштерди алып баруу, иликтөө амалдарын жүргүзүү кыйла аксап келет

Кыргызстандык аялдар үчүн менчикке укук олуттуу көйгөй. Үйлөрдүн көбү кожоюн катары эркекке катталган. Өзгөчө жубайлар ажырашкан учурда аял үй-жайсыз калган, мунун айынан соттошкон учурлар көп эле кездешет. 

Үй-бүлөдөгү зомбулук аялдын жан дүйнөсүнө эле эмес, ортодогу балдарга да оор психологиялык сокку урат. 

Жер бетинде 200 миллион кыз энесинин ичинен өлтүрүлөт. 120 миллион кыз зордукталат. 133 миллион кыздын ден соолугу талкаланат. 700 миллион кызды балакатка жете электе күйөөгө сатышат.