Жылдын мыкты сүрөттөрү

"Адамдар" номинациясындагы биринчи сыйлык Матиц Зорманга (Matic Zorman) ыйгарылды. Жаандан корголоп, качкындар лагеринде каттоодо кезекте турган кыз. 7-октябрь, 2015.

World Press Photo сыйлыгынын "Жылдын фотографы" номинациясына австралиялык Уоррен Ричардсон (Warren Richardson) татыктуу болду. Ал "Жаңы жашоого үмүт" аттуу сүрөтү үчүн сыйланды. Анын эмгегинде тикенектүү зым тосмодон ымыркайды узатып жаткан адамды көрүүгө болот. Бул сүрөт 2015-жылдын 28-августунда Венгрия-Сербия чек арасында тартылган.​

 

"Жаңылык" номинациясындагы биринчи орун Сергей Понаморёвго ыйгарылды. Ал Загребде поездге түшүүгө аракет кылып жаткан качкындардын сүрөтүн The New York Times гезити үчүн тарткан.​

"Жаратылыш" багытындагы башкы сыйлык Рохан Келлиге (Rohan Kelly) ыйгарылды. Австралиядагы Сиднейге жакын Бонди пляжына жакындап келаткан бороон. 6-ноябрь, 2015-жыл.

"Күнүмдүк жашоо" номинациясындагы баш байгеге Кевин Фрайер (Kevin Frayer) татыктуу болду. Шаньсидеги көмүр электр станциясынын жанындагы кытайлык эркектер, 26-ноябрь, 2015-жыл. Көмүрдү көп колдонгон Кытайга глобалдык деңгээлде бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газынын үчтөн бир бөлүгү туура келет.

"Спорт" номинациясында Кристиан Уолграм (Christian Walgram) жеңүүчү болду. АКШнын Бивер Крик аймагында өткөн дүйнө чемпионатында чехиялык лыжачы Ондржей Банк трассадан секирген учур. 8-февраль, 2015-жыл.

"Окуя" номинациясындагы баш байге Маурисио Лимага (Mauricio Lima) ыйгарылды. Дарыгер Сириядагы күрттөрдүн ооруканасында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 16 жаштагы мүчөсүн дарылап жатат.

"Мезгил көйгөйү" номинациясына Чжан Лей (Zhang Lei) татыктуу болду. Кытай чыгышындагы Цянцзинь шаарындагы көрүнүш. 10-декабрь, 2015-жыл.

"Жаңылык" багытындагы үчүнчү орун Чен Жиге (Chen Jie) ыйгарылды. Кытайдын түндүк-чыгышындагы Тяньцинь шаарында өнөр-жай кампасындагы жарылуунун кесепети.​

World Press Photo – фотожурналисттердин эң абройлуу сынагы.