Кажы-Сай: завод жанындагы турмуш

Кажы-Сай электр-техникалык заводу жайгашкан өндүрүштүк аймак.

Завод жайгашкан өндүрүштүк аймакта жашоо-тиричилик оор. 

Өндүрүштүк аймактагы жашоочулар жумуш жоктугунан ата-энелеринин пенсиясы менен күн кечирет.

Завод жайгашкан аймакта азыр 35 түтүн эл жашайт.

Заводдо иштеп, кийин пенсияга чыкканда да көчүп кетпей өндүрүштүк аймакта жашап калган аксакал.

Кажы-Сай айылына жетүү үчүн унаасы жоктор үч-төрт чакырымды жөө басып барышат.

"Өндүрүштүк аймакта мобилдик байланыш, интернет жок. Алыстагы балдарыбыз менен Кажы-Сай айылына барып сүйлөшүп келебиз",- дейт Шура эже. 

Мобилдик байланыш жана интернеттен алыс аймактын балдары оюндун кызуусу менен күн өткөрүшөт. 

Окуучулар үч-төрт чакырым алыста жайгашкан Кажы-Сай айылына барып окушат. Алар үчүн айыл өкмөтүнөн атайын автоунаа бөлүнүп берилген.

Өндүрүш аймагында азыркы учурда радиация күчү 20 микрорентгенди түзөт.

Кажы-Сай электр-техникалык заводу 1947-жылы уюшулган. 

Завод акырындык менен урандыга айланып баратканын көрүүгө болот.

Жергиликтүүлөр күнүмдүк жашоосун колунда бир аз кармаган мал-жанын кароо менен өткөрсө, колунда жоктор заводдогу темир, жез жана башкаларды сатышып жан багышат.

Заводдун азыркы көрүнүшү.

Советтер Союзу таркаган мезгилде завод менчиктештирилип, ошол бойдон ишин токтоткон.

Заводдун эски жабдыктары. 

Заводдогу эски калдыктар.