Кулчулукта өткөн жарым жыл...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жалданып иштеген топ адамдар турат. 26 жаштагы Ринат Омошов бир эмес, эки жолу “эмгек кулчулугуна” кабылган. Байкоочулардын айтымында, бул жерде акчага зарыгып тургандар шылуундардын кылтагына оңой илинет. Орусия, Казакстанда иштеп же өлкө ичинде эле малчы болуп жүрүп акчасын албай калгандар да толтура. Акыйкаттыктан деле үмүт кылышпайбы, айтор милицияга кайрылышпайт.