Бишкектин дайын-дарексиз тургундары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын Келечек конушунун тургуну Улан Жоробаевдин төрт баласы бар. Анын аялынын паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бир сөз менен айтканда, үй-бүлө толугу менен эч бир расмий органда каттоодо эмес. Жергиликтүү бийлик сыртын салганы менен эл аралык уюмдар каттоосу жок адамдарга убактылуу документ менен бала бакчага, мектепке, ооруканаларга каттоого турууга жардам берип келет. Жоробаевдин эки баласы мектепке оңбогондой азап-тозок менен араң кирген.