Жакиев: “Манасты” тапмайын кыргыз боло албайбыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз эл баатыры, улуттук адабиятыбыздын таанымал классиктеринин бири Бексултан Жакиев 16-январда 80 жашка чыкты. Аны менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев “Манастан” башталган улуттук уңгунун маани-жайы жана жеке чыгармачылыгы тууралуу маектешти.