Миң-Куштагы уран калдыктары көчүрүлөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын облусунун Миң-Куш айылына көмүлгөн уран калдыктарын төрт мамлекет биригип, башка жакка көчүрө турган болууда. Буга калдык сакталган жерди суу капташы мүмкүн деген кооптонуу себеп болууда. Эгер уран калдыгына жуурулушкан суу Нарынга, андан Сыр-Дарыяга куюлуп кете турган болсо, Борбор Азияга экологиялык чоң зыян алып келет дешет адистер.