“Бир дүйнө” фестивалы: баш байгени орус режиссеру алды
Фестивалдын алкагындагы тасмалар 10-13-декабрь күндөрү Бишкекте көрсөтүлдү.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 14-декабрда "Парк Отель" мейманканасында өттү.
Баш байгени орусиялык Настя Тарасованын “Линар” аттуу тасмасы жеңип алды.
“Аялдардын укугуна арналган мыкты фильм” номинациясы ирандык режиссер Айыт Нажафинин “Жерге жат болгон ыр” фильми жеңип алды.
Быйыл 18 чет элдик, төрт жергиликтүү фильм тандалган. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар.
“Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма” багытында мьянмалык режиссер Сейн Лиан Тюн тарткан “Күйгөн кыш” фильми жеңүүчү болду.
“Балдардын укугу тууралуу эң мыкты тасма” номинациясы германиялык режиссер Феликс Шварцтын “Альенданын неберелери” аттуу фильмине ыйгарылды.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова (ортодо) сыйлык тапшыруу аземи учурунда.
“Азаттык” радиосунун журналисттери Санжар Эралиев менен Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Өгөйлөнгөн келиндер” тасмасы Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) атайын сыйлыгына татыды.
Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышты.
Фильмдерди тандаган калыстар курамында мамлекеттек мекемелерде, социалдык кызматтарда иштегендер жана укук коргоочулар болду.
"Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгын Айсулуу Текимбаеванын “Адашкан балалык” тасмасы жеңди. “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаева жана радионун кызматкерлери сыйлыкты тапшыруу учурунда.