Бишкекте бодибилдинг чемпионаты өттү

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Монголиядан 50дөн ашуун кыз-келиндер жана эркектер катышты. Спортчуларга байгелер 10 категорияда ыйгарылды. 

Чемпионаттын катышуучусу

Чемпионатка келгендер 75 килограмм салмакка чейинкилер жана 75 килограмм салмактан жогоркулар болуп таймашты. 

Аталган салмактардын жеңүүчүлөрү чоңдор менен бирге абсолюттук салмактагы мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жаштар арасында 75 килограмм салмакка чейинкилер арасында бодибилдинг мелдешинин катышуучулары.

75 килограмм салмакка чейинкилер арасында Бишкек шаарынын тургуну 23 жаштагы Марат уулу Мирбек чемпион аталды.

Мирбек Марат уулу жаштар арасында 75 килограмм салмакка чейинкилер арасында бодибилдингден чемпион аталгандан кийин абсолюттук салмакта да катышты.

Кыз-келиндер "Бодифитнес" жана "Фитнес бикини" деген наамдар боюнча орун талашты. "Бодифитнес" категориясында Любовь Малеева ​жана Елена Горностаевлар өз категорияларында жалгыз чыгып атайын сыйлыктын ээси болушту. Сүрөттө: Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Любовь Малеева.

"Фитнес бикини" мелдешинин бою 168 см.ге чейинки катышуучулары.

Аталган категорияда Анастасия Махотина жеңишке жетишти.

Анастасия Махотина.

"Менс физик" категориясында (бою 174 см.ге чейинкилер) монголиялык 28 жаштагы Айрун Цацрал биринчи орунду алды. 2-орунга Евгений Курочкин, 3-орунга Данил Драч жайгашты. ​Байге ээлерине кубокторду мелдешке ардактуу конок катары чакырылган бодибилдингдин дүйнөлүк жылдызы, америкалык Кевин Леврон тапшырды. Быйыл 50 жашка чыккан Кевин Леврон дүйнөдө абройлуу деп саналган “Мистер Олимпия” мелдешинде үч жолу 2-орунду, «Арнольд Классик» мелдешинде эки жолу жеңүүчү болгон. 1991-жылдан 2003-жылга чейин бир нече эл аралык мелдештерде гран-при уткан.

Ушул эле категорияда бою 174 см.ден жогоркулар арасында Владимир Семенов жеңүүчү болду. Экинчи орунду Самат Абышев, 3-орунду Станислав Самаков алды.

Эркектер арасында таймаштар 90 килограмм салмакка чейин жана 90 килограмм салмактар жогоркулар арасында өттү. Алар бодибилдинг жана абсолюттук салмакта "менс физик" категориясында өнөрлөрүн көргөзүштү.

90 килограмм салмакка чейинкилер арасында мелдешке чыккан кыргызстандык Жанар Муратов. Бул таймашта 28 жаштагы Жанар экинчи орунду алып Кыргызстандын ачык чемпиондугунун жана Борбор Азиянын биринчи чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси болду.

90 килограмм салмакка чейинкилер. Бодибилдинг жана фитнес боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу жана биринчи Борбор Азия чемпиондугу 2016-жылы май айында боло турган Азия чемпиондугуна тандоо баскычы болду.

90 килограмм салмакка чейинкилер арасында бодибилдинг таймашына чыккан өзбекстандык Умит Култаев.

90 килограмм салмакка чейинкилер арасында өзбекстандык Умит Култаев чемпион аталды.

Бобибилдинг же культуризм кымбат спорттун катарына кирет. Атлеттер күчтүү тамак аш (эт, балык), курамында белок бар протеин өңдүү кошулмаларды ичип, оор чоюн темирлерди көтөрүү менен булчуңдарын чоңойтуп машыгышат. 

Дүйнөдө бодибилдинг боюнча мелдештер 1960-жылдан бери өткөрүлүп келет. Спорттун аталган түрү боюнча улуттук федерациянын президенти Тимур Жаныгуловдун билдиришинче, Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча мелдештер 1989-жылдан бери уюштурулалат. 

90 килограммдан жогорку салмактагылардын таймашы. 

90 килограммдан жогорку салмактагылар арасында бодибилдинг таймашында Эмил Надырбаев (сүрөттө сол тарапта экинчи ) жеңүүчү аталды. Ал абсолюттук салмакта дагы чемпиондук наамга татыды.